Биз менен байланышыңыз

Догоев: Жарандардын санариптик сабатын жогорулатуу иштерине өзгөчө көңүл бурулат

Кыска кабар | 16 Янв 2020 | 585 | 0

«Санариптик инфраструктураны калыптандыруу, тиешелүү платформаларды жана маалымат базаларды түзүү менен катар өлкө жарандарын санариптик көндүмдөргө үйрөтүп, буга катышкан мамлекеттик органдардагы кызматкерлердин компетенттүүлүгүн жогорулатуу керек. Ошондой эле тездетилген санариптик трансформациясы үчүн жагымдуу мыйзамдык негизди түзүү зарыл. Ансыз калк санариптешүүнүн реалдуу оң натыйжаларын сезе албайт». Мындай пикирин Сооронбай Жээнбеков 15-январда, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы, өзүнүн кеңешчиси Дастан Догоев менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Ошондой эле, Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн санариптик трансформациясы 2020-жылы дагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп кала берерин эске салды.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев 2019-2023-жылдарга карата «Санариптик Кыргызстан» Концепциясынын алкагында өлкөнү санариптик трансформациялоо боюнча үстүбүздөгү жылга карата артыкчылыктуу багыттары тууралуу маалымат берди.

Жер-жерлердеги муниципалдык кызматтарды электрондук форматка өткөрүү максатында «Санарип аймак» платформасын киргизүү боюнча иштер күчөтүлөт. Бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына «Түндүк» системасына кошулуу аркылуу башка мамлекеттик органдар менен маалымат алмашуусуна мүмкүндүк берет.

Жарандардын, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлеринин санариптик сабатын жогорулатуу максатында маалыматтык-агартуу иштерине өзгөчө көңүл бурулат.

Маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев 2020-жылы аталган платформаны өлкөнүн бардык региондоруна киргизүү пландалып жатканын баса белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM