Биз менен байланышыңыз

Президент: Лицензия берүү системасындагы коррупцияны жоюу жолдорун сунуштадык

Кыска кабар | 24 Янв 2020 | 734 | 0

«Кен байлыктарды сарамжалдуу пайдалануу, экологиялык жана техникалык коопсуздукту камсыз кылуу, кен байлыктардын запастарын эсепке алуу маселелерин карадык.

Айрыкча, лицензия берүү системасындагы коррупцияны жоюу жолдорун сунуштадык. Тиешелүү иштерди жүргүзбөй эле, лицензияларды кайра сатуу менен алектенүүгө бөгөт коё турган жолдорду сунуштадык.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын инвесторлордун ишине жасалма, бюрократиялык тоскоолдук жаратуусуна бөгөт коюу механизмин талкууладык. Бул чечимдер кандай аткарылууда, бул тууралуу өзүнчө сөз болот», — деди президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-январда Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында.

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңештин бардык чечимдеринин аткарылышы өзүнүн жеке көзөмөлүндө турганын баса белгиледи. Мамлекеттик органдардан келген маалыматтардын бардыгы Коопсуздук кеңешинин катчылыгында кылдат талданып, ай сайын Мамлекет башчысына маалымат берилип турду.

Copyright © 2017 Maral FM