Биз менен байланышыңыз

Алановдун арызынын каралышын Коопсуздук кеңеши көзөмөлгө алды

Кыска кабар | 31 Янв 2020 | 1605 | 0

Мамлекеттик чек ара кызматынын подполковниги Талгат Алановдун арызын кароо создуктурулуп жаткандыгына байланыштуу Ош гарнизондук Аскер прокуратурасы, Коопсуздук кеңешинин катчылыгы тийиштүү сотко чейинки өндүрүштүн мындан аркы жүрүшүн көзөмөлгө алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы Аскер прокуратурасына Талгат Алановдун Ош гарнизондук аскер прокуратурасындагы кайрылуусу боюнча сотко чейинки өндүрүш материалдарын кайра өзүнө талап кылып алууну сунуштады.

Талгат Алановдун арызында келтирилген бардык жүйөөлөрдү сотко чейинки өндүрүштө дыкат уюштуруу жана текшерүү үчүн курамына УКМКнын тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери кошулган ыкчам тергөө тобу түзүлөт.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине Борбордук аппараттын бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин Аскер прокуратурасынын жогоруда аталган ыкчам-тергөө тобунун курамына киргизүү үчүн жөнөтүү сунушталды.

Мындан тышкары, бейшемби, 30-январда Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев подполковник Талгат Алановду кабыл алды.

Андан алынган материалдар сотко чейинки өндүрүштөгү материалдар менен жалпылоо үчүн Аскер прокуратурасына жөнөтүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM