Биз менен байланышыңыз

Президент: Антикоррупциялык механизмдерди ишке киргизүү токтобош керек

Кыска кабар | 20 мая 2020 | 681 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевди кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик башкаруунун бардык чөйрөлөрүндө жана экономиканын тармактарында коррупциялык көрүнүштөрдүн тамырын кыркуу боюнча пландуу иштерди улантуунун маанилүүлүгүн айтты.

Антикоррупциялык заманбап механизмдерди ишке киргизүү жана аларды дайыма колдонуу иштери токтоп калбашы керек, — деп белгиледи мамлекет башчысы.

Сооронбай Жээнбеков коррупцияга аралашкандардын бардыгы ээлеген кызматына, наамына жана мурдагы жетишкендиктерине карабастан, тийиштүү жазасын алышы керектигин белгиледи.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Коопсуздук кеңешинин коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жок кылуу боюнча 2020-2024-жылдарга карата жаңы Мамлекеттик стратегиясынын болжолдуу жумушчу долбоорун иштеп чыккандыгы тууралуу билдирди.

Аталган долбоор 2020-жылдын 11-майында ишке тартылган бардык мамлекеттик органдарга, анын ичинде Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн, Башкы прокуратуранын жана Жогорку Соттун кароосуна жиберилген.

Президент мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүү багыттарынын бири — декларациялоо жөнүндө мыйзамдарды сактабагандыгы үчүн жоопкерчиликти катаалдаштыруу болушу керектигин белгиледи.

Мамлекет башчысы тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте бул багыттагы мыйзамдарды жакшыртуу процессин тездетүү милдетин койду.

Copyright © 2017 Maral FM