Connect with us

УКМК Саймаити боюнча журналисттик иликтөөнү териштире баштады

Кыска кабар | 25 Ноя 2019 | 1099 | 0

Башкы прокуратура “Азаттык медиасы” менен “Kloop” маалымат булагынын биргелешкен иликтөөсүндө айтылган маалыматтарды сотко чейинки өндүрүшкө алды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) бүгүн билдирди.

Айеркен Саймаити менен болгон маек жана анын Матраимовдор менен байланышы адам өмүрүнө кол салууга аракет жасоо беренеси боюнча кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Буга Саймаитини өлтүрүүгө бир нече жолу коркутуулардын болгону, мындан улам ал өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгону тууралуу маалыматтар негиз болду.

24-ноябрда сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү ишин уюштуруу УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына тапшырылды. Ошол эле күнү УКМК, Ички иштер министрлиги жана финансы полициясынын тергөөчүлөрүнөн турган топ түзүлдү.

Учурда ишке тиешеси бар бардык шарттарды аныктоого багытталган тергөө аракеттери башталды. Тергөөнү ар тараптуу жана обьективдүү жүргүзүү максатында “Азаттык медиасы” менен “Kloop’тун” биргелешкен иликтөөсүндө айтылган бардык фактылар боюнча маалымат билгендер жана иликтөөдө аты айтылган тараптар менен зарыл болгон тергөө аракеттери жүргүзүлөт, — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Эске сала кетсек, “Азаттык медиасы” менен “Kloop” маалымат булагынын биргелешкен иликтөөсү 22-ноябрда жарыяланды. Анда Кытайдан чыгарылган жүктөр Кыргыстандын Бажысы аркылуу мыйзамсыз өткөрүлүшү, Кыргызстандан чыгарылган миллиондогон долларлар, аларга Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун түз байланышы бар экени айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM