Биз менен байланышыңыз

Депутат Алтынбек Сулайманов УКМКга суракка чакырылды

Кыска кабар | 3 Дек 2019 | 1616 | 0
Сүрөт 24.кг интернет сайтынан алынды

Бүгүн, 3-декабрда «Азаттык» радиосунун бажыдагы коррупция иликтөөсү боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке суракка чакырылды.

Ошондой эле, суракка Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов, экс-депутат Ширин Айтматова, жарандык активисттер, Президенттин инаугурациясын өткөрүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү Фарид Ниязов, Мухаммедкалый Абылгазиев, Турдуназир Бекбоев жана башкалар чакыртыла турганы айтылган.

УКМК Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүүгө аракет жасоо» беренеси боюнча сотко чейинки териштирүүлөрдүн алкагында, тергөө тобу иштеп жатканын кабарлайт.

29-ноябрда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов да УКМКга суракка чакырылып, беш сааттан ашык сурак берип чыккан.

21-ноябрда «Азаттык» жана «Клооп» медиаресурстарынын журналисттик иликтөөсү жарыяланып, анда бажыдагы коррупция фактылары, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун ишкер Хабибула Абдукадыр менен байланыштары айтылган.

25-ноябрда Бишкек шаарында коомчулук иликтөөдө айтылган фактылардын негизинде тийиштүү адамдарга бийликтин чара көрүүсүн талап кылып, тынчтык митингин өткөрүшкөн. Алар Райымбек Матраимовдун камалышын талап кылышкан.

Copyright © 2017 Maral FM