Биз менен байланышыңыз

УКМК Фарид Ниязовдун билдирүүсү боюнча үн катты

Кыска кабар | 18 Авг 2021 | 514 | 0

УКМК Фарид Ниязовдун бүгүнкү жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жарыяланган кайрылуусунда УКМК жана ИИМ органдарын айыптоо аракети жана ошондой эле өзүн күнөөсүз «жабырлануучу» катары көрсөтүүсүнө карата төмөнкүлөрдү билдирет.

Ниязов бир катар кылмыштарды жасаган деп айыпталган адам катары абакта жатып, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу дайыма маалыматтык четтөөлөрдү жасап келет. Бул жолу да ал өзүнө «абийир туткуну» менен «саясий туткундун» көрүнүшүн берүү аракетин жасоодо.

Коомчулукка белгилүү болгондой, тергөө органдары Ниязовго бийликте турган мезгилде мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыгына зыян келтирген мыйзамсыз аракеттери үчүн Кылмыш кодексинин бир нече беренелери боюнча айып тагылган.

Азыркы учурда коомчулукка белгилүү болгондон тышкары, Ниязовдун сот караган негизги айыпталуучулардын бири болгон кылмыш иштерине байланыштуу ал камакта, ошондой эле ИИМ тергөө органдары тарабынан чет өлкөлүктөргө кыргыз жарандарынын паспортун мыйзамсыз берүү фактыларына катыштыгы боюнча кылмыш иши тергелип жатат.

Тергөө иши аяктоо стадиясында жана соттун кароосуна өткөрүлүп берилди, анын жыйынтыгында Ниязовго тиешелүү юридикалык баа берилмекчи.

Буга байланыштуу УКМК Ниязовго негизсиз айыптоолордун ордуна, мурдагы ишмердигинин аркасы менен кылмыш жоопкерчилигине тартылганын талдоосуна кеңеш берет.

Анын бүгүнкү абалына өзүнүн мыйзамсыз ишмердиги, болгондо да кылмыш жоопкерчилиги каралган бир катар эпизоддордогу аракеттери негиз болууда.

Copyright © 2017 Maral FM