Биз менен байланышыңыз

Матраимовдордун юристи: Сот доону канааттандырса, 60 млн сом балдар үйүнө жөнөтүлөт

Кыска кабар | 13 Дек 2019 | 1457 | 1

Бүгүн, 13-декабрда Матраимовдордун юристи Татьяна Карыжинская журналисттерге карата доо арыз боюнча маалымат жыйын өткөрдү.

Анын айтымында, журналисттер божомолдонгон шектүү документтерди жана текшерилбеген, жалган маалыматтарды таратып жатышат.

Юрист Матраимовдордун аброюна шек жана моралдык зыян келтирген сөздөрдү же сөз түрмөктөрүн мисал катары айткан жок. Ал алардын баары доо арызда экенин кошумчалады.

«Бүгүн соттук угуу болуп жаткан жок. Чагымчыл суроолорго жооп бере албайм. Доо арызды алып окуңуздар», — деди Карыжинская.

Ал жалпысынан 60 млн сомдук доо коюлганын айтып, бул маалымат каражаттарында Матраимовдор боюнча чыгарылган макалалардын санына жараша экенин айтты.

«Сот менин кардарларымдын доосун канааттандырса, өндүрүлгөн сумманын баары балдар үйлөрүнө жөнөтүлөт», — деп кошумчалады ал.

Эске салсак, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов «аброюна шек келтирип, жалган маалыматтарды тараткандыгы»  үчүн «Азаттык» радиосуна 22 миллион сом, Kloop медиасына 12,5 миллион сом, 24.kg. маалымат сайтына 15 миллион сом жана журналист Али Токтакуновго – 10 миллион сом доо койгон болчу.

Бүгүн, 13-декабрда Матраимовдордун жактоочусу “Азаттык”, “Клооп” жана 24.kg маалымат булактарынын жана журналист Али (Мухаммедали) Токтакуновдун эсебин камакка коюу тууралуу чечимди жокко чыгарууга арыз берген. Бул арыз бүгүн сотто каралат.

1 пикир

1 пикир

  1. Чыкке

    13.12.2019 15:42

    Райым Матраимов балдар уйуно бербей койсун, уят деген жок андай эле беренек болсо мурун эле 700 миллион доллардын 100 миллион долларын жардам катары бермек, балдар уйун бетке кармап 60 миллион сомду шылтоо булар куттуруп кетти, азаматсынар эр журок журналистер силерге ырахмат сынбагыла кайра чыйралып коркпостон алардын бут былыктарын кыргызстанга мумкун мен мен деген эр жигиттерибиз чыгаар.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM