Биз менен байланышыңыз

Аида Салянованын жүрөгү текшерилди

Кыска кабар | 4 Июн 2019 | 413 | 0

Убактылуу кармоочу жайга камалган Аида Салянованын жүрөгү текшерилди. Бул маалыматты өлкөдөгү Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун башчысы Нурдин Сулайманов маалымат каражаттарына билдирген.

Аталган борбордун кызматкерлери бүгүн мурдагы башпрокурор, «Ата Мекен» партиясынын депутаты Аида Саляновадан кабар алган. Ал ден соолугу жакшы эместиги боюнча арызданган.

«Ал ден соолугу жакшы эместигине арызданган. Кечээ дарыгер текшерди. Аида айымдын өтүнүчү боюнча №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун терапевти да аны караган. Тез жардам — кардиобригада да чакырылып, жүрөгүнө кардиограмма жасалган», — дейт ал.

Бүгүнкү күндө Салянова убактылуу кармоочу жайдын дарыгерлеринин көзөмөлүндө турат.

Мурдагы башкы прокурор жана «Ата-Мекен» фракциясынын депутаты Салянова «Мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулганы боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде кечээ суракка чакырылып, 48 саатка камакка алынган.

Copyright © 2017 Maral FM