Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Салянова тергөө менен кызматташа турган болду

Кыска кабар | 15 Авг 2019 | 1078 | 0

Ички иштер министрлиги мурдагы баш прокурор Аида Салянова тергөө менен кызматташууга макулдугун бергенин билдирди. Анда 15-август күнү Салянова тергөө иштерине байланыштуу 1-убактылуу кармоочу жайдан Тергөө башкармалыгына алынып барылганы айтылат. Анда Салянованын жактоочусу тергөө менен кызматташуу ниетин билдирген.

Белгилей кетсек, 15-августта Биринчи май райондук соту Аида Салянованын баш коргоо чарасын карап, үй камагына чыгарды.

Салянова «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча тергөөнүн алкагында камакка алынган болчу. Сот аны 26-августка чейин камакта кармоо чечимин чыгарган эле.

Copyright © 2017 Maral FM