Биз менен байланышыңыз

ЖАМК: Салянованын ден-соолугу канааттандырарлык

Кыска кабар | 31 Июл 2019 | 594 | 0

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын ден-соолугунун начарлашы тууралуу маалыматты четке какты.

Мекеменин берген маалыматына таянып айтсак, Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалган Салянованын ден-соолугу салыштырмалуу канааттандырарлык. Ошондой эле ар дайым дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын дарыгерлеринин бүтүмүнө ылайык, Салянова ооруканага жатып дарыланууга муктаж эмес жана абалы канааттандыраарлык.

ЖАМКнын дарыгерлери менен операция кылуу боюнча маектешүү болгон, бирок Салянова Кыргызстандын шартында операциядан баш тарткан.

Мындан сырткары, Салянова тергөө иш-чараларына катышууда.

 

Copyright © 2017 Maral FM