Биз менен байланышыңыз

Камалгандарды кайтарган дагы бир аскер каза болду

Кыска кабар | 7 Ноя 2019 | 794 | 0

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын күзөт жана конвои департаментинин дагы бир катардагы аскери каза болду. Бул тууралуу аталган мамлекеттик кызматынан кабарлашты.

5-ноябрда К.К. аттуу кичи сержант өзүн жаман сезип, тез жардам чакырылган. Дарыгерлер анын өмүрүн сактап калууга жардам бере алышкан эмес. Алдын ала маалыматка ылайык, аскер жүрөгү кармап калып жан берген. Маркум 19 жашта болгон. Баткен облусунун Кадамжай районунда туулган К.К. быйыл аскерге чакырылып, май айында аскердик ант берген болчу.

Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, иликтөө иши башталды.

Эскерте кетсек, буга чейин Новопокровкадагы №3 түзөтүү жайында 4-батальондун катардагы аскери Р.Б. электр тогуна урунуп каза болгону айтылган.


Жаза аткаруу кызматынын конвойдогу аскери токко урунуп каза болду


 

Copyright © 2017 Maral FM