Биз менен байланышыңыз

Аида Салянова: Мен эч качан коррупцияга катышкан эмесмин

Кыска кабар | 16 Авг 2019 | 586 | 0

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экс-башкы-прокурор Аида Салянова эч качан коррупцияга катышкан эмес. Учурда өзүнө коюлуп жаткан айыптарга да тиешеси жок. Мындай билдирүүнү ал бүгүн өзүнүн facebook баракчасына жазды. Ал акыр-аягы чындык жеңээрин күткөнүн жазган.

“Мен 73 күн камакта Атамбаевди коргогонумдан, ага жан тартканымдан отурган жокмун. Ал ага татыксыз. Менин камакта болгонумдун бир эле себеби бар — мен эч качан коррупцияга катышкан эмесмин. Азыр мага коюлган күнөөгө дагы тиешем жок. Ушунча убакыт чындык жеңет деп күттүм. Мен мурда айткан сөздөрүмдөн кайткан жокмун. Тергөө ага түшүнүү менен мамиле кылды, — дейт экс-депутат.

‌Салянова операцияга даярданып жаткандыктан бир канча убакытка чейин коомчулук менен байланышта боло албай турганын кошумчалаган.

Ал ошондой эле өзүнө колдоо көрсөт бардык мекендештерге терен ыраазычылык билдирген.

Эске сала кетсек, кечээ 15-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту Аида Салянованын баш коргоо чарасын карап, үй камагына чыгарды.

Аида Салянова «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча тергөөнүн алкагында камакка алынып, сот аны 26-августка чейин камакта кармоо чечимин чыгарган эле.

Copyright © 2017 Maral FM