Биз менен байланышыңыз

Милиция чагым уюштургандарды издеп жатат

Кыска кабар | 18 Авг 2019 | 739 | 0

Ички иштер министрлиги өлкөдөгү коомдук абалды курчутуу жана башаламандык даярдалып жатканы тууралуу социалдык тармактарда тараган чагымчыл аракеттерге ишенбөөгө чакырат.

Бул тууралуу ИИМ билдирүү таратып, башка күч түзүмдөрү менен биргеликте чагымчылдыкты уюштургандарды аныктоо боюнча чараларды көрүп жатканын билдирди.

ИИМ белгисиз бирөөлөр тарабынан чагымчыл билдирүүлөрдүн таратылып жатышын жасалма жол менен абалды курчутуп, коомчулукту дүрбөлөңгө салуу аракети деп эсептейт.

Учурда өлкөдө коомдук-саясий абал туруктуу, тынчсызданууга жана кооптонууга негиз жок экени, күч органдары коомдук тартипти камсыз кылуу жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча иштерди жүргүзүп жатканы билдирүүдө айтылат.

Атайын жалган маалымат тараткандар Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен жоопкерчиликке тартыларын ИИМ эскертет.

ИИМ интернетте, WhatsApp’тын мессенжеринде чагымчылдыкка байланышкан маалыматтарды таратуудан алыс болууга чакырат. Эгерде мындай фактыга туш келип калсаңыз 102 номери аркылуу милиция билдирип коюуңузду өтүнөт.

Copyright © 2017 Maral FM