Биз менен байланышыңыз

Сулайманов: «Беспредел KGнин” администраторуна кыйноо көрсөтүлгөн эмес

Кыска кабар | 29 Ноя 2019 | 603 | 0

Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун директору Нурдин Сулайманов УКМК камакка алган “Беспредел KGнин” администратору Автандил Жоробековдон кабар алды. Бул тууралуу Сулайманов маалымат каражаттарына билдирди.

Анын айтымында, Жоробеков кармоочу жайдагы шарттарга даттанган эмес.

Биз УКМКнын тергөө жайына кирип, Жоробековдун абалынан кабар алдык. Ал УКМК кызматкерлери тарабынан ага карата кыйноо болбогондугун билдирди. Кармоочу жайдын шарттарына да даттанган жок, — дейт Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун директору Нурдин Сулайманов.

24-ноябрда УКМКнын кызматкерлери “Беспредел KG” маалымат булагынын администратору Автандил Жоробековду аймактар аралык кастыкты козутууга аракет жасады деп айыптап, камакка алган.

Сотко чейинки өндүрүштө Бишкектин Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, 2020-жылдын 24-январына чейин УКМКнын тергөө абагында калтыруу чечимин чыгарган.

Copyright © 2017 Maral FM