Биз менен байланышыңыз

УКМК: Жасалма акча сатып жүргөн жаран кармалды

Кыска кабар | 10 Фев 2020 | 479 | 0

Бишкек шаарынан 10 миң 500 евро өлчөмүндөгү жасалма акча каражатын сатуу аракети учурунда 1993-жылы туулган А.С. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат бөлүмү билдирди.

Такталган маалымат боюнча, А.С. жасалма акча каражатын сатууну «К.Э.П.» (жоопкерчилиги чектелген коому) акча алмаштыруучу жайынын кассири менен биргеликте ишке ашырган.

Азыркы учурда кармалган жаран УКМК тергөө камагына киргизилди.

Аталган мыйзамсыз ишке катыштыгы бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери улантылып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM