Биз менен байланышыңыз

УКМК: Жасалма 15 миң доллар акча саткан жаран кармалды

Кыска кабар | 10 Мар 2020 | 632 | 0

6-мартта ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынан 15 миң доллар өлчөмүндөгү жасалма акча каражатын сатууга аракет кылган 1955-жылы туулган Кыргызстандын жараны А.М. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы билдирди.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кылмыш-жаза кодексинин 225-беренесинин 2-бөлүмү (Акчаны же баалуу кагазды жасалма жасоо) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам УКМКнын Тергөө камагына киргизилди.

Азыркы учурда жасалма акчаларды сатууга катыштыгы бар башка адамдарды аныктоо багытындагы ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM