Биз менен байланышыңыз

УКМК: Баткенде баңгизат, курал-жарак сакталган жай табылды

Кыска кабар | 14 Мар 2021 | 770 | 0

Баткен районунан баңгизат, курал-жарак, ок-дары сакталган жай табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы маалымдады.

Жашыруун жайдан 5,45 жана 7,62 мм калибрдеги 37 даана огу менен мылтык, таңгакталган белгисиз заттар, жалпы салмагы 250 грамдан ашык марихуана табылып алынды.

Материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 253-беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Алынган заттар тийиштүү экспертизага жиберилди.

Учурда УКМК бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштерин улантып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM