Биз менен байланышыңыз

УКМК: Атамбаевдин абалы канааттандырарлык

Кыска кабар | 18 мая 2020 | 691 | 0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы бүгүн, 18-майда, билдирди.

— Учурда Алмазбек Атамбаевдин абалы канааттандырарлык. Ал күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда, — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары анын кан басымынын төмөн болуп жатканын айткан болчу.

Copyright © 2017 Maral FM