Биз менен байланышыңыз

УКМК: Бийликти басып алгысы келген кылмыштуу топтун 15 мүчөсү кармалды

Кыска кабар | 26 Ноя 2021 | 2664 | 0

Шайлоодон кийин дароо өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу жана бийликти күч менен басып алуу максатында чагымчылдык уюштурууну пландаштырган адамдардын тобу боюнча маалымат алынгандыгын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Бул боюнча УКМК тарабынан Жазык кодексинин 38- 309-беренелери (Бийликти күч менен басып алууга даярдануу) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши козголуп, Башкы прокуратура тарабынан мекемелер аралык тергөө тобу түзүлгөн.

Иликтөөнүн жүрүшүндө айрым саясий күчтөр, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттары жана мурдагы жогорку жетекчи кызматтагы адамдар жетектеген адамдардын тобунун кылмыштуу иш-аракеттери тууралуу төгүндөлгүс далилдер алынган.

Алдыдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин бул топ айрым саясий күчтөрдүн, анын ичинде шайлоодо утулуп калгандардын колдоосуна таянып, Бишкектеги кырдаалды курчутуу менен массалык нааразылык акцияларын уюштуруу менен бийликти күч менен басып алууну пландаганы аныкталган.

Кылмыштуу топ бийликти күч менен басып алууга түрткү болуу үчүн миңге жакын агрессивдүү жаштарды массалык нааразылык акцияларын уюштурууга топтоп, алар менен мамлекеттик түзүмдөргө каршы идеологиялык мамиле жасоо багытында системалуу жолугушуулар өткөрүлүп, массалык баш аламандыктарды чыгаруу пландары талкууланган.

Аталган топтун аракеттерине бөгөт коюу максатында 26-ноябрда УКМК жана ИИМ тарабынан активдүү катышуучулардын жашаган жеринде жана алар ижарага алышкан кеңсесинде тинтүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында ок атуучу куралдар, ок-дарылар жана баңгизаттары табылган.

Иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы жана тергөө учурунда алынган далилдердин негизинде, аталган адамдардын тобунун 15тен ашык активдүү мүчөсү кармалып, кылмыш жоопкерчилигине тартуу чечими кабыл алынды.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары уланып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM