Биз менен байланышыңыз

Атамбаев камактагы тарапташтарын ойлоп, кан басымы түшүп кеткен

Кыска кабар | 21 Фев 2020 | 565 | 0

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары жана КСДП партиясынын төрагасынын милдетин аткаруучу Асель Кодуранова УКМКнын убактылуу кармоочу жайына кирип, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жолугуп чыгышты.

Бул тууралуу депутат Рыскелди Момбеков “Маралга” билдирип, Атамбаевдин ден соолугунун абалы ортодон төмөн экенин айтты. Атамбаев кан басымы көбүнесе түнкүсүн түшүп кетип жатканын, аны калыбына келтирүү үчүн өзү аракет кылып жатканын билдирген.

«Адамдын кан басымы 80/60 ченемде болгонун туруктуу деп айтканга болбойт» дейт депутат. Мунун себебин Атамбаев камактагы тарапташтарын ойлоп, санаага батып жатканы менен байланыштырган.

Ал «күнөөсү жок суракта жүргөн, камакта отурган тарапташтарымды ойлоно берип түнкүсүн кан басымым аябай түшүп кетип жатат. Күндүз спорт залга барып машыгам. Коюу чайга пайдалуу болот деп бал кошуп ичип жатам . Мындай болчу эмес. Бирок эч кимге даттанбайм, аягына чейин чыдайм» деп айтты», — деп билдирди депутат.

Ал ошондой эле Атамбаевдин ден соолугуна кам көрүү үчүн өлкө президенти Сооронбай Жээнбековго жана тиешелүү тараптарга билдирилерин кошумчалады.

Эскерте кетсек, мурдагы президент менен жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, Анвар Артыков, Асель Кодуранова, Мурадил Мадеминов жана башкалар киришкен.

Copyright © 2017 Maral FM