Биз менен байланышыңыз

Камактагы Атамбаев үй-бүлөсү менен жолукту

Кыска кабар | 16 Янв 2020 | 2833 | 0

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) убактылуу кармоочу жайында камакта отурган Алмазбек Атамбаевге уулу Сеид Атамбаев менен жолугууга уруксат берилди. Бул туурасында мурунку президенттин жактоочусу Сергей Слесарев билдиргенин бир катар маалымат каражаттары жазып чыгышты. Жактоочунун айтымында, УКМК Тергөө абагында отурган экс-президент жубайы жана кичүү уулу Кадыр менен да жолукту.

Эске салсак, камактагы мурунку президент Атамбаев уюшкан кылмыштуу топтун кызыкчылыгы үчүн коррупцияны уюштурууга, башкача айтканда, кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна тиешеси бар деп шектелип жатат. Андан сырткары, 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуялары боюнча да бир нече берене менен айып тагылууда.

Copyright © 2017 Maral FM