Биз менен байланышыңыз

Салянованын тарапташтары сот алдына чогулат

Кыска кабар | 4 Июн 2019 | 402 | 0

Камакка алынган экс-башпрокурор Аида Салянованын тарапташтары бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун алдына чогулат. Бул тууралуу экс-депутат Асия Сасыкбаева билдирди.

Бүгүн Биринчи Май райондук сотунда Аида Салянованын баш коргоо чарасы каралат. «Ата Мекен» партиясынын мүчөлөрү соттун чечимин күтүшөт.

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин түрмөдөн кандайча бошотулганы тууралуу Ички иштер министрлигинде сурак бергенден кийин 48 саатка камакка алынган.

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборунун кызматкерлери бүгүн Аида Саляновадан кабар алган.

Copyright © 2017 Maral FM