Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Гренада менен кызматташууну өнүктүрөт

Кыска кабар | 4 Июн 2019 | 546 | 0

2019-жылдын 3-июнунда Кыргызстандын Москвадагы Элчилигинде Кыргыз Республикасы менен Гренаданын ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу тууралуу биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Бул тууралуу элчиликтен билдирди.

Биргелешкен коммюникеде тараптар Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын жана эл аралык укуктун, тактап айтканда, эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту, мамлекеттер ортосунда теңдикти сыйлоо жана бекемдөө, улуттук эгемендүүлүктү жана аймактык бүтүндүктү, көз карандысыздыкты, эл аралык келишимдерди жеткиликтүү деңгээлде сактоо жана мамлекеттердин ички иштерине кийлигишпөө боюнча принцип жана максаттарын жетекчиликке алышат деп белгиленген.

Кыргыз тарабынан документке элчи Аликбек Жекшенкулов, Гренада тарабынан – Гренаданын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Олег Фирер кол коюшту.

Жыйынтыгында Тараптар эки өлкөнүн ортосунда достук мамилелерди жана ар тараптуу өз ара кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө бирдей ниеттерин билдиришти.

Copyright © 2017 Maral FM