Биз менен байланышыңыз

Иран Кыргызстанга түз аба каттамын ачууга кызыкдар

Кыска кабар | 8 Июл 2019 | 625 | 0

Ирандын «Qeshm Air» («Кешм Эйр») авиакомпаниясы Кыргызстанга түз каттам ачууга кызыгарын билдирүүдө. Бул тууралуу Ирандын Кыргызстандагы элчиси Али Можтаба Рузбехани өлкөнүн Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Министрликтин маалымат кызматы кабарлагандай, элчи «Qeshm Air» авиакомпаниясы жакында эле Тажикстандан борбору Дүйшөмбү шаарына түз каттам ачканын, Мешхед – Дүйшөмбү каттамы жүргүүнчүлөрдү ташып жатканын билдирген.

Жакынкы күндөрү авиакомпаниянын жетекчилиги каттам ачуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүүгө Бишкекке келерин элчи кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM