Биз менен байланышыңыз

Оштогу спорт комплекстин курулушунун 50 пайызы бүттү

Кыска кабар | 13 Сен 2019 | 479 | 0

Ош шаарынын Манас-Ата кичи районундагы 5170 чарчы метр аянтка салынып жаткан спорт комплекстин курулушунун 50 %ы аяктады. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Спорт комплекстин курулушу Иран Ислам Республикасы тарабынан каржыланууда.

Спорт комплексте волейбол, баскетбол, бокс, күрөш, теннис оюндары боюнча машыгуу жана 200 көрүчүүгө ылайыкташкан мелдеш өткөрүү залдары курулат. Ошондой эле, кичи футбол аянтчасы, жуунучу жайлар, фитнес, балдардын оюн аянтчасы салынып, айланасы жашылдандырылат.

Белгилей кетсек, спорт комплекстин курулушуна ушул жылдын 28-июнунда шаар мэри Таалайбек Сарыбашов капсула салган. 31-декабрга чейин курулуш иштери толугу менен бүткөрүлөрү мерчемделүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM