Биз менен байланышыңыз

Унаа урдоого шектелип 2 бала кармалды

Кыска кабар | 3 Июн 2019 | 543 | 0

Москва районунун Беловодск айылында унаа урдоого шектелип 2 бала кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 30-май күнү Беловодск айылынын 43 жаштагы тургуну 29-майдан 30-майга караган түнү «Хонда-Одиссей» үлгүсүндөгү унаасы уурдалганын билдирген.

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, ишке шектүү катары Москва районунун 17 жаштагы Т. Н. аттуу жараны жана 16 жаштагы Э. А. аттуу тургуну кармалышкан.

Шектүүлөр жарандар Москва районунун Ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, учурда тергөө иштери уланууда.

Copyright © 2017 Maral FM