Биз менен байланышыңыз

Бюджетке 183 млн сом зыян алып келген майнинг-ферма аныкталды

Кыска кабар | 17 Июл 2019 | 633 | 0

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери жогорку технология чөйрөсүндө санариптик акча, тактап айтканда, криптовалюта (биткойн) боюнча мыйзамсыз ишкердикти жүзөгө ашырган кылмыштуу топту аныкташты. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат бөлүмү билдирди.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине Кылмыш-жаза кодексинин 232-беренесинин 2-бөлүмү боюнча катталды.

Кылмышка шектелген «Т.Ц.» ЖЧКсы Кытай жана Кыргызстандын жарандары тарабынан компьютердик программаларды иштеп чыгуу жана аларды изилдөө лабораториясы катары Биринчи май райондук салык кызматына катталган. Бирок өздөрүнүн банктык эсебин мыйзамсыз түрдө толтуруп, мамлекеттик бюджетке тиешелүү салыкты төлөбөй келишкен. Бул сотко чейинки иликтөө учурунда аныкталды.

Ошондой эле, иликтөөнүн жыйынтыгында аталган майнинг-ферма электр энергиясын ченемден көп пайдалангандыгы белгилүү болду. Айына 6-7 мегаватт, тактап айтканда, 13-14 миллион сомдук электр энергиясын колдонуп келишкен. Салыштырмалуу айтканда, Бишкектин бир канча кичирайонун жарык менен камсыз кылууга жете турчу электр энергиясын бир эле ферма коротуп койгон. Бул көрүнүш экономикага жана өлкөнүн калкын электр энергия менен камсыз кылууга терс таасирин тийгизип келген.

«Т.Ц.» ЖЧК майнинг-фермасынын өлкөнүн бюджетине келтирген зыяны 183 млн сомду түзгөн.

Учурда аталган ишканага берилген лицензиянын мыйзамдуулугу жана уруксат берген тараптар боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM