Биз менен байланышыңыз

Ноокат: Каракчылыкка шектелип 2 жаран кармалды

Кыска кабар | 30 Июл 2019 | 534 | 0

28-июлда Ноокат районунун ички иштер бөлүмүнө Бел айылынан азият улутундагы эки жаран “Деу-Тико” үлгүсүндөгү автоунааны коркутуп тартып алгандыгы тууралуу кабар келип түшкөн. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгын маалымат кызматы билдирди.

Ноокат райондук ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде, кылмыштын изи сууй электе ошол эле күнү саат 18:00 чамасында Ноокат районунун Бел айылында Ноокат районунун тургуну 1989-жылы туулган К.У. жана Баткен облусунун тургуну 1989-жылы туулган Т.М. аттуу жарандар кармалышты.

Маалыматка ылайык, кылмышка шектүүлөр К.У., жана Т.М.,биргеликте пайда көрүү максатында Баткен облусунун Кызылы-Кыя шаарынын тургуну 1997-жылы туулган Б.Ш.,аттуу жарандын башкаруусундагы “Деу-Тико” үлгүсүндөгү унаасын Бел айылына жеткирип коюну суранышып, жеткен учурда жабырлануучуну аш-бычак менен коркутуп автоунаанын документтерин сурашкан, натыйжада жабырлануучу өз өмүрүн кооптонуп окуя болгон жерден унаасын таштап качып кеткен.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынып, кылмышка шектүүлөр К.У., жана Т.М., Ноокат райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM