Биз менен байланышыңыз

Ноокатта коронавирустан дагы бир адам каза тапты

Кыска кабар | 5 Апр 2020 | 4353 | 0

4-апрелде Ош облусундагы Ноокат аймактык ооруканасында жаткан 80 жаштагы бейтап коронавирустан каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Ал чет өлкөдөн келип, стационардык обсервацияда дарыланып жаткан. ПЧР-анализинин жыйынтыгы менен бейтапта COVID-19 инфекциясы бар экени тастыкталган.

Бейтапка тийиштүү дарылоо көрсөтүлгөн, бирок ага карабай ден соолугунун абалы начарлап, инфаркттын белгилери байкалган.

5-апрелге карата республиканын стационарларында COVID-19 инфекциясы тастыкталган 146 бейтап жатат.

Коронавирустан каза болгондор кантип жерге берилет? (Чубак ажы жооп берет)

 

 

Copyright © 2017 Maral FM