Биз менен байланышыңыз

Адам уурдоого жана каракчылыкка шектелип эки жаран кармалды

Кыска кабар | 15 Июн 2021 | 473 | 0

Адам уурдоого жана каракчылыкка шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Июнь айынын башында Бишкек шаарынын Бөкөнбаев көчөсүндө белгисиз адамдар коркутуп-үркүтүү жолу менен жабырлануучуну кара унаага отургузуп, тоого алып чыгып кетишкен. Ээн жерде күч колдонуп, сабап, акчасын жана уюлдук телефонун тартып алышкан.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 202-беренеси («Каракчылык») жана 170-беренеси («Адам уурдоо») боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында кылмышка шектүү катары эки адам кармалды. Алардын бири 1983-жылы Жумгал районунда туулган С.К. аттуу жаран мурда оор кылмыштар үчүн соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин ыкчам каттоосунда турат, кылмыш чөйрөсүндөгү статусу «смотрящий». Экинчи жаран 1983-жылы Ысык-Көл облусунда туулган У.Ч. аттуу жаран. Ал да мурда соттолгон.

Соттун чечими менен кармалган эки жаран камакка алынды.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM