Биз менен байланышыңыз

Түркиянын көрүнбөгөн «жүзүн» ачкан иликтөө жарыяланды

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Дек 2018 | 821 | 0

Сегиз өлкөнүн тогуз медиа компаниясы биргеликте Түркиядагы Гүлен кызматына карата жүргүзгөн саясатын иликтөөгө алган көлөмдүү макала дүйнөнүн ондогон тилдерине которулуп жарыяланды.

Анда дин аалымы Фетхуллах Гүленге байланышы бар делип айыпталган жүз миңдеген түркиялыкка жасалган Эрдоган режиминин каардуу мамилесинин коомчулукка беймаалым тараптары жарыяланган.

Иликтөөнү Corrective (Германия), TT (Швеция), Addendum (Австрия), El Pais (Испания), Il Fatto Quotidino (Италия), Haaretz (Израиль), Monday Morning (Дания), Frontal 21 (Германия) жана Le Monde (Франция) басылмалары «Black Sites Turkey»  деген ат менен жарыялашкан.

Иликтөөдө түрк чалгын кызматы Түркиянын ичиндеги жана чет өлкөдөгү Гүлен кыймылына тиешеси бар делген жарандарды ар түрдүү жашыруун жолдор менен уурдап кетип, белгисиз караңгы жайларга камап, кыйноонун түрлөрүн көрсөтүп келишет.

Corrective медиа компаниясынын жетекчилигинде жасалган иликтөөдө Косово, Габон, Судан, Азербайжан, Швейцария, Монголия, Малайзия жана Украина сыяктуу өлкөлөрдөн качырылган түркиялыктардын жагдайлары чагылдырылган.

Иликтөөнүн толук түрдөгү кыргызча которулушун сайтыбыздан окуй аласыздар.

Түркиянын «караңгы» жайлары

 

Copyright © 2017 Maral FM