Биз менен байланышыңыз

Түркиянын «караңгы» жайлары

Дүйнө | 13 Дек 2018 | 1526 | 0

Сегиз өлкөнүн тогуз медиа компаниясы биргеликте Түркиядагы Гүлен кыймылына карата жүргүзүлгөн саясатты иликтөөгө алган көлөмдүү материал дүйнөнүн ондогон тилдерине которулуп жарыяланды. Анда дин аалымы Фетхуллах Гүленге байланышы бар делип айыпталган жүз миңдеген түркиялыкка жасалган Эрдоган режиминин каардуу мамилесинин коомчулукка беймаалым тараптары жарыяланган. Иликтөөнү Correctiv (Германия), TT (Швеция), Addendum (Австрия), El Pais (Испания), Il Fatto Quotidino (Италия), Haaretz (Израиль), Monday Morning (Дания), Frontal 21 (Германия) жана Le Monde (Франция) басылмалары «Black Sites Turkey»  деген ат менен жарыялашкан. Иликтөөдө Түрк чалгын кызматы (MIT) Түркиянын ичиндеги жана чет өлкөдөгү Гүлен кыймылына тиешеси бар делген жарандарды ар түрдүү мыйзамсыз жолдор менен уурдап кетип, белгисиз караңгы жайларга камап, кыйноонун түрлөрүн көрсөтүп келишет. Correctiv медиа компаниясынын жетекчилигинде жасалган иликтөөдө Косово, Габон, Судан, Азербайжан, Швейцария, Монголия, Малайзия жана Украина сыяктуу өлкөлөрдөн качырылган түркиялыктардын жагдайлары чагылдырылган. Төмөндө анын толук түрдөгү кыргызча котормосу.

Косово

2018-жыл, 29-март, саат 08:00 чамасы.

Приштина шаарынын чекесиндеги жолдордун бириндеги көрүнүш бир караган адамга жол кыймылын көзөмөлдөп жаткандай туюлат. Эки унаа ак гүлдүү бадалдар менен катар тигилген талдардын жанына токтоп турат. Алдыдагы күмүш түстүү машинеден эки полиция түшүп, арттагы унаанын эшигин ачты.

Машиненин арткы орунунда олтурган эркек баланы моюндан сүйрөй сыртка чыгарып, жерге жаткырды. Артынан бир аял секирип түшүп, баланы куткарууга аракет кылып жатат. Ошол бойдон бадалдардын арасынан көрүнбөй калышты. Экинчи полиция машинанын айдоочусун сыртка чыгарып, колуна кишен тагып, күч менен алдыдагы унаага салып кетишти. Арттан жанагы аял жолго чыгып, жардам сурап кыйкыра, жолдон өткөн унааларды токтотконго аракет кылып жатты: «Биз мугалимбиз. Бул Эрдогандын иши!»

Уурдалган киши менен аялы Приштинадагы «Мехмет Акиф» коллежинин мугалимдери болушчу.

Бир канча мүнөт мурда Приштинанын эл аралык аэропортуна конгон TC KLE деген жазуусу бар согуштук аткылоочу учак саат 10:00дө кайра абага көтөрүлдү. Ичинде баягы унаадан түшүрүлгөн киши менен бирге дагы беш уурдалган адам бар. Учактын расмий катталган жери-Анкарадагы аскердик аба майданы.

Бактыга жараша, бул окуя бир үйдүн видео байкоосуна түшүп калган. Бирок адам уурдоо кылмышы Косовонун борбору Приштинада катталган бул окуя менен эле бүтпөйт. Малайзия, Габон, Судан, Молдова Республикасы, Азербайжан, Украина… адамдар уурдалып, Түркияга алып кетилген өлкөлөрдүн тизмеси дагы уланчудай.

Түрк президенти Эрдоган Гүлен кыймылынын мүчөлөрүн чет өлкөлөрдөн алып келип, соттой турганын эскерткен болчу. Биргеликте иш алып барган тогуз медиа компаниясы Түркия чалгын кызматы уюштурган адам уурдоо программасынын канчалык масштабдуу экенин ачыкка чыгарды. Муну менен бирге бул кысымдардын коомчулукка белгисиз экинчи бөлүгү болгон «кыйноо бөлмөлөрү» тууралуу кээ бир маалыматтарды ортого койду. Түрк өкмөтү Correctivдин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты. Алар буга чейин кыйноо көрсөтүлчү бөлмөлөр тууралуу маалыматтарды четке кагышкан болчу.

«Extraordinary renditions (өзгөчө өткөрүп берүүлөр)» — АКШнын терроризмге каршы күрөшүндөгү жашыруун программасынын аты. Американын борбордук чалгын кызматы (CIA) терроризмге шектүүлөрдү дүйнөнүн булуң-бурчунан качырып келип, ээн жерлерге алып барып ар түрдүү кыйноолорду көрсөтчү. Кубанын атактуу Гуантанамо түрмөсүнүн жанында, Польшада жана Таиландда Американын уурдаган террористтери үчүн атайын лагерлери жайгашкан. «Black sites» (караңгы жайлар) деп аталган лагерлерде эл аралык адам укуктарынын да, жергиликтүү мыйзамдардын өкүмү жок.

Тилекке каршы,  Европанын босогосунда туруп, Германиянын маанилүү өнөктөшү деп билинген Түркияда дагы ошондой адам уурулук программасы бар экенин биздин изилдөөбүз далилдеди. Бирок АКШнын программасынан үч айырмасы бар: түрк чалгынчылары бир гана чет өлкөдөгү турктөрдү качырбайт, өлкөнүн ичиндеги жарандарын да уурдайт, анан аларга кыйноо көрсөтүү үчүн башка мамлекеттеги ээн талааларга алып барууга муктаж эмес.

Түркиянын чок ортосунда жайгашкан караңгы жайлар тууралуу Гүлен кыймылынын мүчөлөрүнөн эки киши бизге айтып беришти. Алардын берген маалыматтары оңдолгон жок, айтуулары боюнча берилди.

Анкара

Толганын (өз аты өзгөртүлдү) көчөдөн жоголушу беш мүнөткө эле созулду.

2016-жылдагы төңкөрүш аракетине күнөөлөнгөн Кызмат кыймылынын жакшы санаалашы катары аларга куугунтук башталганда Толга да өзүнө этияттап калган. Жашаган дарегин бир нече жолу өзгөрткөн. Бир күнү эрте менен кызын мектепке таштап, артка бурулганда тээтигиндей жерден бирөө кол булгап, бир нерсе айта тургандай болду. Ага карап басарда эле артынан сокку жеди. Төрт кол аны сүйрөп барып бир машинеге отургузду. Унаанын ичинде үстү-үстүнө урулган муш-тепкилерден кийин башына кара кап кийгизилди. Ошол кара кап бир нече ай башынан түшкөн жок.

Алсырап, өзүн коргой албай турган абалга келгенде, уурулар анын колдорун байлап коюшту.

Жол анчалык узун болгон жок, оор кулпулуу бир дарбазанын ачылганын укту. Үндөрдүн жаңырганына караганда чоң бир залга киришти. Ага кийимин чечип, пижама сыяктуу нерсе кийгизишти. Кийин алып барып бир камерага киргизип, кыйноолор башталды.  Аны темир таяктар менен уруп, электр тогуна урдурушту. Сөккөн, акарат сөздөр тынбай жаап турду.

Кийимин чечтирип, ар түрдүү шылдыңдарды кылышты.

Он күндөн кийин биринчи жолу башындагы капты алып, көзүн ачышты. Толга өзүнүн денесин эми гана көрдү: көк ала, тытылган терилер.

Ага берилчү суунун көлөмү өтө аз болчу. Ар күнү эрте менен бир сэндвич менен бир кесим помидор, кечинде бир чөйчөк күрүчтөн жасалган шорпо менен бир кесим нан. Күн сайын эки-үч жолу суракка тартылган сайын кыйноого алынып жатты.

Көзүн жумса эле коркунучтуу түштөр: маңдайында ыйлаган балдары. Ал токмокторго жакшы эле чыдап жатты, бирок ата-энесине, жубайын да балдарынын көз алдында муну жасай тургандарын айтканы эң оор келип жатты.

Кээде башындагы капты чыгарып, дубалда илинген башка «гүленчилердин» сүрөттөрүнүн жанына алып келип, алар тууралуу барын айтып беришин талап кылышат: кимдин акчага муктаждыгы бар, ким эмнеге көп кызыгат, кимдин кандай көйгөйү бар?

Эрдогандын чыры

Мурдагы досу болгон душманына адам өтө аёосуз мамиле кылат. Эрдогандын Гулен кыймылына кылган мамилесин ушундайча жоруу туура болчудай.

Июнь айындагы АК партиясынын бир жыйынында: «Гүленге тиешеси барларды жок кылганга чейин күрөшөбүз!»,-деп билдирди Эрдоган.

Фетхуллах Гүлендин демилгеси менен ачылган 2000ден ашуун билим берүү мекемелери дүйнөнүн 160тан ашуун өлкөсүндө иш алып барат. Анын көз карашын колдоп, ээрчигендердин саны миллиондорду чапчый турганын болжолдосо болот. Ал эми анын окуучулары тарабынан ачылган мекемелердин баасы миллиарддаган долларга бааланары маалым.

1990-жылдардын башында Эрдоган Гүлен кыймылы менен өнөктөш болду. Анын бийликке келишине колдоо көрсөткөн «гүленчилер» мамлекеттин бардык тармактарында ийгиликтүү иштерге жетишишкен: медиа, кайрымдуулук, билим берүү ж.б.

2013-жылы ( бийлик аралашкан ири коррупциялык схеманын бети ачылган окуядан кийин) ортодогу мамиле бузулду. Эрдоган ошол күндөн тарта Гүлен кыймылын башкы душман катары сыпаттап, 2001-жылдагы АКШдагы терракттан кийин CIA баштаган «extraordinary renditions» программасы сыяктуу уурдап барып жазалоо ыкмасын колдоно баштады. Эрдоган парламентте:»Чет өлкөдө өздөрүн коопсуз сезген «гүленчилерди» бир-бирден алып келип, соттойбуз!«,-деген сөзүн  айтты.

Ушул жылдын апрель айында өкмөттүн бир мүчөсү өлкө сыртынан 80 «террористти» алып келгендерин ЖМКга жарыялады. Өкмөткө жакын басылмаларда уурдалгандар олжо катары сыпатталып жатты.

Укук-мыйзамга сыйбаган коркутуусун 2016-жылдагы Экономика министри Нихат Зейбекчи мындайча билдирген болчу:

«Аларды ушундай жазалайбыз, өлүп кутулсак экен деп жалбарышат. Аларды жалбартабыз

(Уландысы бар)

 

Copyright © 2017 Maral FM