Биз менен байланышыңыз

Алайда каракчылык кылган жаран кармалды

Кыска кабар | 10 Окт 2019 | 645 | 0

9-октябрда Алай районунан каракчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

29-сентябрда Жошолу айылынын 1993-жылы туулган тургуну Н кызы З. аттуу жарандын үйүнө кирген азиат улутундагы бейтааныш адам коркутуп, акча талап кылганы тууралуу маалымат Алай районунун Ички иштер бөлүмүнө келип түшкөн.

Аталган фактыга шектүү катары ушул эле райондун 1999-жылы туулган тургуну П.Ж. кармалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө, кылмышка шектүү П.Ж. 29-сентябрда саат 03:00 чамасында Алай районунун Жошолу айыл аймагынын тургуну, 1993-жылы туулган Н кызы Знын үйүнө кирип, өзү колдонуп жүргөн уюлдук телефонун жабырлануучунун башына такап коркутуп, акча сураганы аныкталган. Акчасын табалбай койгон соң, жабырлануучуга таандык «MI Note» үлгүсүндөгү уюлдук кол телефонун алып чыгып кеткен.

Шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда далил буюм катары жабырлануучуга таандык уюлдук телефон табылган.

Аталган факт Алай райондук Ички иштер бөлүмүнүн Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-Жаза Кодексинин 202- «Каракчылык» беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынып, кылмышка шектүү П. Ж. Алай РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM