Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Жалган маалымат тараткан 15 факты катталды

Кыска кабар | 16 Мар 2020 | 644 | 0

Милиция кызматкерлери жалган маалыматтарды тараткан жарандардын өздүгүн тактоо боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Бишкек шаарында жалган маалымат таратуу боюнча 1 факты катталган. Короновирус келгендиги, ызы-чуу болбош үчүн айтылбай жаткандыгы жөнүндө жалган маалыматты “Instagram” социалдык тармагы аркылуу тараткан аял кишинин өздүгүн такташып, ал Чүй облусунун Москва районунун Беловодск айылынын 27 жаштагы жашоочусу болуп чыккан.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде чогултулган материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 344-беренеси (Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө.

Расмий маалыматтар ыкчам штаб аркылуу убагы менен таратылат. Кылмыш жасалгандыгы жөнүндөгү жалган маалымат тараткандар Жазык кодексинин 344-беренесине ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Ички иштер министрлиги жарандарды социалдык тармактар жана интернет аркылуу кылмыш жасалгандыгы жөнүндө жалган маалыматтарды таратпоого жана ызы-чуудан алыс болууга чакырат. Мыйзамды билбегендик жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт.

Copyright © 2017 Maral FM