Биз менен байланышыңыз

УКМК: Финполдун кызматкери тарабынан түзүлгөн коррупциялык схема аныкталды

Кыска кабар | 12 Фев 2020 | 476 | 0

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкери тарабынан уюштурулган Евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкөлөрдөн Кыргызстанга салык төлөмдөрүсүз товар ташылып келип турган туруктуу схемасы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, 2017-2018-жылдары Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Чүй облусунун Аламүдүн жана Иссык-Ата райондорунун райондор аралык бөлүмүнүн улук ыкчам кызматкери К.С.А., кызыкдар адамдар менен биргеликте, Кыргызстанга ЕАЭБ өлкөлөрүнөн жалган О.у. С. жана А.у.Д. наамына жалпы суммасы 127 млн. сомду түзгөн товарларды импорттогон. Буга байланыштуу  кошумча салык түрүндө төлөөгө тийиш болгон 15 млн. сомдон ашык мамлекеттин казынасына зыян келтирилгени аныкталды.

Мындан тышкары, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын аталган кызматкери эл аралык издөөдө жүргөн «БМВ-Х5» үлгүсүндөгү автоунааны пайдаланып жүргөнү такталды.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын ноябрь айларында ЭККМК жетекчилиги тарабынан аталган коррупциялык схемага тиешеси бар делген негизде К.С.А ээлеген кызматынан четтетилген, жабырлануучу А.у.Д. жана башкаларга салык төлөмдөрүнөн качуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери өзүнчө ачылган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында К.С.Ага. Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси (Коррупция) боюнча айып тагылган.

6-февралда Октябрь райондук соту баш коргоо чарасын карап, УКМКнын тергөө камагына 2 айга камоо боюнча чечимин чыгарды.

Copyright © 2017 Maral FM