Биз менен байланышыңыз

Түркияда кыргызстандык кыз уурдалды

Кыска кабар | 12 Апр 2019 | 515 | 0

Түркиянын Анталия шаарында кыргызстандык кызды уурдап кетишти. Курбусу уурдалганы тууралуу полицияга анын курбусу, дагы бир кыргызстандык кыз кайрылган. Бул тууралуу haberler.com сайты жазды.

Арыздануучунун айтымында, окуя кечээ Анталиянын Кызыл-Сарай аймагында түштөн кийин, курбулар көчөдө сейилдеп жүргөндө болгон.

«Алар кууш көчөдө баратышканда, артынан келаткан машина токтоп, ичинен белгисиз бир эркек киши чыгып, күч менен П.Х. аттуу кыргызстандык кызды машина салып алып кеткен», — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда полиция издөө иштерин жүргүзүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM