Биз менен байланышыңыз

Мексикада көмүлгөн белгисиз кишилер табылды

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Фев 2019 | 650 | 0

Мексиканын Колима штатында жашыруун жайга көмүлгөн 70 кишинин денеси табылды. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасы кабарлады.

Маалыматка ылайык, соңку эки жылда мындай сырдуу кабырлардын саны көбөйүп, киши колдуу өлүмдөрдүн 80 пайызы дал ушул Колима штатына туура келет. Бул Мексикадагы башкы коопсуздук көйгөйү болгон наркомафиянын аймакта күчөшүнө байланыштуу экенин айтышууда.

Учурдагы президент Андрес Обрадор 2006-жылы баштатылган наркомафияга каршы курөштү токтотуп, негизги милдеди катары адам уурдоонун алдын алуу  жана жарандардын коопсуздугун атаган болчу.

Буга чейин ушул эле штаттан 11 белгисиз кабырдан адамдардын сөөктөрү чыгарылган. Жергиликтүү бийлик табылган денелердин кимдигин тактоого киришти. Ал үчүн дайынсыз жоголгондордун жакындарынан жардам суроодо.

Кошумчаласак, Мексика боюнча дайынсыздардын саны 40 миңден ашат.

Copyright © 2017 Maral FM