Биз менен байланышыңыз

Мексикада жаш боксчулардын тобу жол кырсыгына учурап, 6 киши көз жумду

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Мар 2020 | 768 | 0

Мексиканын түндүгүндө жаш боксчуларды ташып бараткан автобус жол кырсыгына учурады. Бул тууралуу Televisa агенттиги жазды.

Мунун кесепетинен 6 адам кырсык болгон жерде көз жумган. Каза болгондордун 5өө жаш боксчулар жана алардын машыктыруучусу болгон.

Андан сырткары, 25 киши жаракат алган. Жабырлануучулар жакын арадагы ооруканага жеткирилген.

13-17 жаш аралыгындагы боксчулардын тобу Кудад-Обрегондон Пуэрто-Пеньяско тарапты көздөй багыт алышкан эле.

Алдын ала маалыматтарга караганда, айдоочу рулду башкара албай калган. Натыйжада, автобус жолдон чыгып, оодарылып түшкөн.

Copyright © 2017 Maral FM