Биз менен байланышыңыз

Мексика бийлиги жарандарды метродо сүйлөшпөөгө чакырды

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Июн 2020 | 552 | 0

Мексикада борбор калаадагы метро жетекчилиги коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында жүргүнчүлөрдөн метродо сүйлөшпөөсүн өтүндү.

Жергиликтүү адистердин айтымында, мындай жол менен вирустун таралышын азайтууга болот.

«Зыянды акырындык менен жоюу» кампаниясы сүйлөп жатканда чыккан бөлүкчөлөрдүн санын азайтууга багытталган. Бул бөлүкчөлөр үйдүн ичинде вирустук инфекциянын булагы болушу мүмкүн «, — деп жазды метро жетекчилиги твиттердеги билдирүүсүндө.

Мексика Түндүк Американын коронавирустан эң көп жапа чеккен аймактарынын бири.

Мексикада пандемия башталгандан бери жалпысынан 90 миңден ашуун адам коронавируска чалдыкты. Алардын ичинен 9 930 адам көз жумду.

1-июндан тарта өлкөдө буга чейин киргизилген чектөөлөр алынып салынды.

Copyright © 2017 Maral FM