Биз менен байланышыңыз

Мехикодо миңдеген аялдар зордук-зомбулукка каршы маршка чыгышты

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Мар 2020 | 495 | 0

Кечээ, 8-мартта Мексиканын борбор шаарында 80 миндей адам аялдарга карата кылынган зордук-зомбулукка каршы маршка чыгышты.  Бул тууралуу мегаполистин коомдук коопсуздукту көзөмөлдөгөн жол кыймылынын маалымат борбору өзүнүн Твиттердеги баракчасына билдирген.  .

Аялдардын эл аралык күнүнө карата арналган демонстрацияны тынч өткөрүү пландалса да, вандалдык актылар катталган учурлар болду. Демонстрацияга катышкан аялдар жүздөрүн маска жана жоолуктар менен жаап алышып, бир катар дүкөндөрдүн жана ресторандардын айнектерин чагышып, тамдын беттерине ар кандай ураандарды, туура эмес сөздөрдү жазып кетишкен.

Кияйинчерээк манифестке катышкан аялдардын тобу мамлекет башчысынын резиденциясынын алдында аз кубаттулуктагы колго жасалган жардыргыч затты жардырышып, өз арасынан жабыркагандар болгон. Бир аял күйүп, бир канчасы жеңил жаракаттарды алган.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM