Биз менен байланышыңыз

Багдадда полиция менен кагылышуудан 15 демонстрант жабыркады

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Янв 2020 | 648 | 0

Ирактын борбору Багдад шаарында нааразычылык акцияларынын катышуучулары менен өлкөнүн коопсуздук кызматкерлеринин арасында кайрадан кагылышуу орун алды. Окуяны Sky News Arabia каналы чагылдырууда.

Маалыматка ылайык, кагылышта нааразычылыкка чыккандардан аз дегенде 15 киши жабыркаган.

Ал эми Al-Hadath телеканалы демонстранттар полиция кызматкерлерине карай жардыруучу заттарды ыргытканын маалымдады. Кесепетинде 2 полиция жабыркаганы айтылууда.

Иракта 2019-жылдын октябрь айынан бери көтөрүлүш токтобой келет. Демонстранттар жашоо шарттын төмөндүгүнө, мунайга бай болгону менен өлкөдөгү коррупцияга, жумушсуздукка, социалдык шарттарга нааразылыгын билдирип жатышат. Нааразычылык акциялары дайыма полиция жана демонстранттардын кагылышуусу менен коштолот. Акыркы маалыматтар боюнча, каршылык учурунда каза болгондун саны 700гө жетсе, жабыркагандар 25 миңден ашык экени айтылууда.

Copyright © 2017 Maral FM