Биз менен байланышыңыз

Дарыгерлери коронавирустан эң көп каза болгон өлкө аталды

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Сен 2020 | 1048 | 0

Британиялык эл аралык Amnesty International уюмунун изилдөөсүнө ылайык, Мексикада башка өлкөлөргө салыштырмалуу коронавирустан көптөгөн медициналык кызматкерлер каза болушкан.

Уюмдун маалыматы боюнча, дүйнө жүзү боюнча кеминде 7 миң саламаттыкты сактоо кызматкери коронавирустан көз жумган, анын 1320сы Мексикада.

Ошондой эле медициналык кызматкерлердин коронавирустан көп көз жумган өлкөлөрдүн тизмесине АКШ (1077), Бразилия (634) жана Индия (573) кирет.

Коронавирус тастыкталган учурлар жана анын адам өлүмүнө алып келүүсүнүн көптүгү боюнча АКШ, Бразилия жана Индия алдыңкы орунда турат. Үч өлкөдө коронавирустун 14 миллиондон ашык учуру жана 387 миңге жакын адам өлүмү катталган.

«Рейтер» агенттиги август айында Мексика өкмөтүнүн маалыматына анализ жүргүзүп, Мексикада саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин өлүмүнүн коркунучу АКШга караганда төрт эсе, Бразилияга караганда сегиз эсе жогору экендигин аныктады.

Мексикада коронавирустун 610 миңден ашуун  учуру жана 66 миң өлүм катталды. Мексика өкмөтү ушул жумада жалпысынан 102 миң 494 саламаттыкты сактоо кызматкерлери коронавируска чалдыкканын, каза болгондордун саны 1378ге жеткенин билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM