Биз менен байланышыңыз

Өзгөн: Каракчылык кылып жүргөн кылмыштуу топ колго түштү

Кыска кабар | 13 Ноя 2019 | 705 | 0

8-октябрда Өзгөн районунун аймагында каракчылык кылып, жарандарды коркутуп баалуу буюмдарын жана акча талап кылып жүргөн кылмыштуу топ колго түштү. Бул тууралуу Ош облусунун ички иштер бөлүмүнүн маалымат кызматы билдирди.

3-сентябрда саат 22:00 чамасында Ү уулу А. өзүнүн кылмыштуу шериктери 1976-жылы туулган Я.А., 1980-жылы туулган Б.Д., 2000-жылы туулган А.У. болуп төртөө Д.Бнын автоунаасы менен Салам-Алик айылынын тургуну 1988-жылы туулган К.Чны Кош-Этер айылына алып барып, көптөп урушуп, бычак менен коркутуп, колдонуп жүргөн “Mi” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алып 100 миң сом акча жана бир баш жылкы бересин деп талап кылып, зомбулук көрсөтүшүп, денесине жарат келтирген.

Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестирине Кылмыш жаза кодексинин 202-беренеси менен катталган сотко чейинки өндүрүшкө алынган иши тергелип сотко жөнөтүлгөн.

Ошондой эле, 1-августта Өзгөн районунун Жазы айылынын тургуну 1985-жылы туулган Т.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Себеби 31-июлдан 1-августка караган түнү болжол менен саат 02:05 чамасында Дөң-Булак айылында жайгашкан Сыра заводунун алдында, өзүнө бейтааныш азиат улутундагы атуул базар баасы 23 800 сомдук “Самсунг Галакси 6 А” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жана капчыгынын ичиндеги 2 миң сом акчасын ачык түрдө тоноп алып койгон.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестирине Кылмыш жаза кодексинин 201-беренеси менен катталган.

Кармалгандар учурда 2 айга камакка алынып, сот иши уланууда.

Copyright © 2017 Maral FM