Биз менен байланышыңыз

Ош облусунда 9 айда 6584 кылмыш жана жоруктар катталган

Кыска кабар | 18 Окт 2019 | 573 | 0

Ош облусунун аймагында 9 айда “Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине” 3084 кылмыш, 3500 жорук, жалпы 6584 кылмыш жана жоруктар катталган. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Өткөн жылдагы кылмыштарды каттоо китебине катталган материалдардын саны менен салыштырганда  376га же 5,4%га аз катталган.

Алдамчылык жана автоунааларды мыйзамсыз ээлеп алуу 2018-жылга салыштырмалуу көп катталган.

Жоруктардын түрлөрүнө токтоло турган болсок, эң көп катталган жоруктардын түрлөрү – ден соолукка жеңил зыян келтирүү 805, майда бейбаштык 778, автокаражаттарды пайдалануунун эрежелерин бузуу 465, уруп-сабоо 284, орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо 261, үй-бүлөдөгү зомбулук 257 жолу катталган.

Copyright © 2017 Maral FM