Биз менен байланышыңыз

Бишкек – Торугарт жолундагы кырсыктан эки айдоочу жабыркады

Кыска кабар | 6 Мар 2020 | 507 | 0

Кечээ, 5-мартта Бишкек – Торугарт унаа жолунун 45-чакырымында саат 22:30дар чамасында жеңил унаа менен жүк ташыган кичи автобус кагышкан. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, «Мерседес Спринтер» унаасы чыгыштан батыш тарапка бара жаткан жолдо «Тойота Эстима» унаасы менен кагышкан. Жеңил унаа кайсы тарапка бара жатканы учурда такталууда.

Кырсыктан 51 жана 25 жаштагы эки айдоочу тең жабыркаган.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Copyright © 2017 Maral FM