Биз менен байланышыңыз

Мыйзамсыз ташылып келген 5100 кг  жумушчу колкап кармалды

Кыска кабар | 17 Янв 2020 | 737 | 0

ЕАЭБдин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Нарын” бажысынын кызматкерлери тарабынан “Торугарт” өткөрмө пунктунда Кытайдан келген жүк ташуучу автоунааны текшерген учурда бажылык декларациядан өткөрүлбөгөн 170 кап, жалпы салмагы 5100 кг болгон 102 миң даана жумушчу колкап табылган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM