Биз менен байланышыңыз

2 млн сомдук аткезчилик жол менен ташылып келинген товарлар кармалды

Кыска кабар | 9 Мар 2020 | 627 | 0

Баткен шаарында “А.С.Ш.”, аттуу Кыргызстандын жаранынын башкаруусундагы “ХОВО” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты чиркегичи менен токтотулуп, текшерген учурда мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы 152 даана., 300, 500, 1000 жана 2000 литр көлөмдөгү желим идиштер табылган. Кармалган товардын жалпы баасы 1001000 сомду түзгөн. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Ошондой эле, Баткен шаарында “А.Р.А” аттуу Кыргызстандын жаранынын башкаруусундагы “Мерседес-Бенц-Спринтер” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты токтотулуп, текшерген учурда Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы 2960 литр “Ravenol 10w-40” маркасындагы мотор майлары табылган. Кармалган товардын жалпы баасы 888 миң сомду түзөт.

Бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM