Биз менен байланышыңыз

Баткенде жоголгон жарандын сөөгү табылды

Кыска кабар | 22 Окт 2021 | 536 | 0

17-октябрда саат 22.30дар чамасында Баткен районунун Бужум айылында жашаган 1988-жылы туулган Темирбаев Жигитали Муктарович үйүнөн чыгып кетип кайрылып келген эмес. Бул тууралуу бир тууган эжеси 19-октябрда милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган.

Бул факты Баткен райондук ички иштер бөлүмүнө «дайынсыз жоголуу» беренеси менен катталып, издөө иштери жүрө баштаган.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында жоголгон жарандын сөөгү табылган.

Шектүү катары Баткен шаарынан Бужум айылынын 31 жаштагы тургуну И.М. жана анын бир тууган иниси Бужум айылынын тургуну 28 жаштагы Ж.Н. кармалган.

Бул факты Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүмү «өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү» фактысы менен тергөө иштери уланууда.

Бул иш боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, кармалган жарандар убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Copyright © 2017 Maral FM