Биз менен байланышыңыз

Мыйзамсыз ташылып келинген 4 килограмм кальян тамекилери кармалды

Кыска кабар | 17 Дек 2019 | 580 | 0

Жалпы салмагы 4 килограммдан ашуун кальян тамекисин өлкөгө мыйзамсыз киргизүүгө аракет кылган кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Түндүк-Чыгыш» бажысынын контрабандага каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери MAN 26372 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны текшеришкен. Анын жүк салган бөлүгүнөн акциздик маркасы жок Premium water pipe tobacco «Serbetli» маркасындагы салмагы 4 килограммдан ашуун кальян тамекисин табышкан.

Айдоочуну токтоткон учурда ташылып келинген товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

 

Copyright © 2017 Maral FM